Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.06.2019 10:44 На русском

Сүннөткө отургузуу учурунда каза болгон баланын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сүннөткө отургузуу учурунда каза болгон 3 жаштагы балага наркоз сайган анестезиолог 1 айга жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болгонун жазган.

М.Сагынбаевдин айтымында, окуя болгондон кийин ооруканага атайын комиссия жөнөтүлгөн. Комиссиянын курамына облустун башкы хирургу Н.Токтосопиев, анестезиолог Ф.Жамангулова жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун орун басары Мира Сүйүндүкова кирген. Текшерүүнүн алкагында каза болгон бала — 2016-жылы туулган К.А. наркоздон аллергия болгондугу (анафилактический шок) аныкталган.

Ага байланыштуу комиссиянын чечими менен райондук аймактар аралык оорукананын анестезиологу И.Г. 1 айга ээлеген кызматынан бошотулган. Окуяны толук териштирип бүткөнчө аталган дарыгер бир ай бою бейтаптарга наркоз сая албайт. М.Сагынбаев анестезиологдун 30 жылдык эмгек тажрыйбасы бар экенин кошумчалады.

Ал эми аза болгон баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Аталган факт боюнча Ысык-Көл РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 152-беренесинин (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле каза болгон баланын ата-энеси ажырашып, бала энесинин колунда болгондугу белгилүү болду. Ооруканага аны таятасы алып келген.

Буга чейин Turmush басылмасы окуя 9-июнь күнү райондук ооруканалардын биринде болгонун жазган.

Оорукананын мурдагы башкы дарыгери — Бишкек шаарынын тургуну 3 жаштагы небересин сүннөткө отургузуу үчүн алып барган. Бирок бала операция столунда каза болгон.

«Баланын чоң атасы мурда Ысык-Көл облусундагы райондук оорукананын башкы дарыгери болуп иштеген. Ошондуктан ал небересин Бишкектен аталган ооруканага алып келүүнү чечкен. Бала фимоз менен жабыркап келген (эркек балдардын жыныстык мүчөсүнө байланыштуу оору, медицинада аны дарылоо үчүн сүннөткө отургузуу сунушталат). Чоң атасы хирургдардан небересин сүннөткө отургузууну суранган. Дарыгерлер баланы операцияга камдап, жалпы наркоз сайышкан. Бирок бала наркоздон аллергия болуп, операция столунда каза болгон», - деп билдиришкен өздүк булактар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×