Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу, Нарын 26.06.2019 20:56 На русском

Нарында коменданттык саат киргизилди. Видео

Turmush -  Нарын шаарында коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

25-27-июнь күндөрү Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан «Коопсуздук—2019» аталышындагы биргелешкен командалык штабдык жана мобилдик машыгуу өткөрүлүүдө. Анын алкагында бүгүн, 26-июнь күнү кечки саат 21:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Анын жүрүшүндө күч түзүмдөрү, элдик кошуундар маанилүү объектилерди коргоого алат.

Комендант катары Нарын ОИИБдин башчысы — милициянын полковниги Уланбек Аалиев дайындалды. Алгач кошуундар жана күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү Нарын шаарынын борбордук аянтында тизилип, көзөмөлгө алына турган жерлерге бөлүштүрүлдү.

Коменданттык саат учурунда тургундар жанына өздөрүн тастыктай турган документтерин ала жүрүшү керек. Ошондой эле жол кыймылы көзөмөлгө алынып, Нарын шаарына кире бериштеги жолдорго тосмолор коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×