Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 26.06.2019 19:16 На русском

«Агамсыңбы, инимсиңби, уялбайсыңбы?»: Мэр өрттөнгөн май куюучу жайдын ээсин сындады. Видео

Turmush -  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Исанов көчөсүндө өрттөнгөн май куюучу жайдын ээсин сынга алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 26-июнь күнү мэр Т.Сарыбашовдун катышуусунда жыйын өткөн. Анда шаардагы май куюучу жайлардын абалы талкууланды.

Мэр: - Жашоочу «мэр акча алып, жарылып кеткен май куюучу жайдын курулушу дагы башталды» деп жатат. Ошол май куюучу жайдын ээси келдиби? Экөөбүз сүйлөштүкпү? Баары мыйзамсыз болуп жатса сен кайра куруп жатасың, эмненин негизинде куруп жатасың?

Май куюучу жайдын ээси:- Курба деп бизге эч ким айткан эмес.

Мэр: - Экотехинспекция?

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Мелис Адиев: - Каттар жолдонгон, уруксат берилген эмес, мыйзамсыз курулуп жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов: - Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Мэр: - Май куюучу жайлардын коопсуздугу, мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Ишкерлер, мыйзамсыз май куюучу жайларды өзүнөр эле бузгула.

Ал эми Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген мамлекеттик органдын кызматкерлерине кылмыш иш козголо турганын билдирди.

«Шаарда жалпы 44 май куюучу бар. Анын жыйырма экисинин иши сотко өткөрүлдү. Бизге 12 иш келди. Аларды карайбыз», - деди прокурор.


Окуя тууралуу:

20-март күнү Ош шаарындагы Н.Исанов (мурдагы Петров) көчөсүндөгү турак үйдүн жанында май куюучу жайдан өрт чыккан.

Кечки саат 20:15те башталган өрт 22:10до чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркап, 2 бейтап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилсе, 1 жаран Ош шаардык ооруканада жеткирилген.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган жай «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа май куюп кеткенден кийин жарылган жана ага жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

Өрт чыккан жерге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да барган.

«Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз», - деген Т.Сарыбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×