Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 26.06.2019 14:37 На русском

Ак унаанын кырсыкка чейинки акыркы мүнөттөрү… Айдоочусу мерт кеткен «Пассаттын» жүргүнчүсү да каза болду

Turmush -  Нарын шаарында жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген эле. Бүгүн, 26-июнда 4 жабырлануучунун бири ооруканада каза болгондугу маалым болду.

Нарын ЖКККБдан тастыкташкандай, 24-июнда саат 14:30 чамасында Нарын шаарынын чет жагындагы, тактап айтканда Борбордук Азия университети тараптагы Нарын—Баетов унаа жолунда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги түркүктү сүзгөн. Анын кесепетинен кырсык болгон жерден айдоочу — 1989-жылы туулган Ч.К. каза тапкан. Жанындагы 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унааны айдоочу катуу ылдамдыкта башкарып бара жаткан.

Күбөлөрдүн айтымында, катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа алгач жолдун четиндеги бордюрдан өтүп, бакка урунган. Андан соң түнкүсүн жарык берүүчү чырактын түркүгүн сүзүп токтогон.

Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү Нарын шаарынын Төш-Булак аймагынын тургундары болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×