Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.06.2019 09:37 На русском

«Алтын сертификаттын» ээси болгон бүтүрүүчү Алмаз программист болууну самайт (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Алмаз Русланов жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча «алтын сертификаттын» ээси болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Алмаз — Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын тургуну. Ал тестирлөөдө жогорку упайга жетиш үчүн талбай эмгектенип, аракеттенип окуганы жакшы натыйжа бергенине кубанып жатканын билдирди.

Алмаз келечекте программист болууну каалайт. Ал 5 бир туугандын ортончусу. Бүтүрүүчү жакшы билим алууга шарт түзүп берген ата-энесине жана мугалимдерине ыраазычылыгын билдирип, алардын эмгегин актаган инсан болууга аракет кыларын айтты.

Ысык-Көл облусунан жалпы 2 бүтүрүүчү «алтын сертификатка» ээ болду. Алмаз Русланов ЖРТнын жыйынтыгында 222 упай алган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×