Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 19.06.2019 19:20 На русском

Түптө өзүнө өрт койгон Н.Абдышевге төртүнчү жолу операция жасалды. Сүрөт

Нурлан Абдышев
Нурлан Абдышев

Turmush -  Өзүнө өрт койгон Түп районунун тургуну Нурлан Абдышевге төртүнчү ирет операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын бир тууган иниси билдирди.

Анын айтымында, буга чейин операция жасалып, бирок Н.Абдышевдин абалы жакшы болбогондуктан дарыгерлер дагы бир операция жасоо керек экенин айтышкан.

Учурда бейтаптын абалы туруктуу. Бирок туугандары азыркы күнгө чейин анын маселесин чечүү үчүн чара көрүлбөй жатканын айтышып, нааразы болуп жатышат. Н.Абдышевдин иниси 4-операцияга бир катар каражат сарпталып, жубайы да кош бойлуу болгондуктан үй-бүлө жардамга муктаж экенин билдирди.

Н.Абдышевге соңку операция 31-май күнү жасалган.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Буга чейин Turmush басылмасы Жылуу-Булак айылынын 40 жаштагы тургуну Нурлан Абдышев өзүнө өрт коюп, оор абалда ооруканага түшкөнүн билдирген. Ал эми 10-майда бейтапты атайын реанимациялык-мобилдүү унаада жана дарыгерлердин коштоосунда №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына которушкан.

Өзүнө өрт койгон Нурлан Абдышевдин окуясы боюнча анын жакындары, айыл тургундары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да өз пикирлерин билдиришкен.

Маалымат толугу менен бул шилтемеде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×