Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 19.06.2019 17:55 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео

Шектүү Мелис Калыков
Шектүү Мелис Калыков

Turmush -  17-июнь күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыпов дун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралган.

Отурумда күбө катары прокурордун ошол кездеги орун басары Арсланбек Байболсунов суралган. Ал шектүүнүн жактоочусу Асылбек Күңгуровдун суроолоруна жооп берип жатып, маркум А.Мамажакыпов менен 2012-жылы октябрь айында таанышканын айтты. Ошол учурда ал Ала-Бука районунун прокурору болуп дайындалганын кошумчалады. Ал эми А.Мамажакыпов Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган.

Арсланбек Байболсунов: «2018-жылдын 16-ноябрь күнү Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Азамат Калыков баласынын сүннөт тоюна чакырган. Кечки саат 18:00дө кафеге барганбыз. Мен, Анарбай Кубатидинович (маркум А.Мамажакыпов), Эмил Ажибеков, Алтынбек Кожоназаров, Билкелди Акматов, дагы Улан Эгембердиев, Мирлан Калыбеков, Динмухаммед Тажкожоев, бухгалтерибиз болуп отурганбыз. Ал тойдо Мелис Калыков биз отурган столду тейлеп жүргөн. Ошол тойдо "эртең тоого чыгып, эс алып келели" деп сөз болуп калды. Анан Анарбай Кубатидинович Мелиске "сен унааңды даярда, кошо барып кел" деп айтты. Ал (М.Калыков) макул болду. Биз дагы макул болдук. Тойдон 22:00-23:00дө тарадык. Эртеси — 2018-жылдын 17-ноябрь күнү саат 9:00дөн өтүп жумушка барып, ал жактан 12:30-13:00 чамасында чыктык. "Нива" жана "Лексус" үлгүсүндөгү унаалар менен бармай болдук. "Лексуска" Анарбай Кубатидинович, мен, айдоочунун жанына Алтынбек Кожоназаров отурган. Унааны Мелис Калыков башкарган. Ал эми "Нива" унаасына Эмил Ажибеков, Мирлан Калыбеков, Улан Эгембердиев, Эрнист Базарбай уулу отурган. Биз Рават тоосун көздөй жөнөдүк. Баткен шаарынан чыгып, 1-2 километрден кийин токтодук. Ал жерде мен, Анарбай Кубатидинович, Алтынбек Кожоназаров, Мелис Калыков болуп бир чөйчөктөн арак ичтик. Анан "Нива" өтүп кетти. Биз артынан жөнөдүк. Жолдо бара жатканда Анарбай Кубатидинович бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан. Анан тоого бурулган посттон өткөндөн кийин унаадан түшүп, сүйлөшүп келди. Ким менен сүйлөшкөнүн билбейм. Ошондо телефону өчүп жаткан. Анан шишкебек бышыра турган атайын идиштер камдалып, дасторкон жайылып калыптыр. Мелис Калыков менен Эрнис Базарбай уулу экөө бизди тейлеп жатты. Анан мылтык менен бутага аттык. Маңдайыбызда таш бар экен. Ошонун үстүнө бута коюп алып, ок аттык. Мелис Калыковдун, Эмил Ажибековдун, Улан Эгембердиевдин сайсыз мылтыктары бар экен. Мирлан Калыбековдун мылтыгы сайлуу экен. Анан дагы бир сайсыз мылтык бар болчу.

Уруш-талаш болгон эмес. Кечки саат 17:00 чамасында жыйналдык. Биз ылдый басып кеттик. Эрнист Базарбай уулу, Мелис Калыков жана Мирлан Калыбеков дасторконду жыйнап калышкан. Болжол менен 1 чакырым ылдый баскандан кийин унаалар келип калды. Мен "Лексус" унаасына айдоочунун артына отурдум. Рулда Эрнист Базарбай уулу, жанында Анарбай Кубатидинович отурган экен. Артында Мелис Калыков бар болчу. Калгандары "Нивада" эле. Анан ылдый жактан таштын жанынан сүрөткө түштүк. Жол түз эмес болгондуктан унаа титиреп бараткан. Ошол убакта Мелис мага жабышканда "калжаңдабай жөн отурчу" дегем. "Жакшы эле отурам" деди. Унаа трассага чыккандан кийин Анарбай Кубатидинович "Эрнист, токтотчу" деди. Токтодук. Улан Эгембердиев экөөбүз суу сактагычтын жанына барып, жуунуп келдик. Ал жактан да арак ичилди. Бирок кимдер ичкенин байкаган жокмун. Мелис Калыков жабыша бергенинен түртүп койгом. Анан "кетем" деди. "Кетсең, кете бер" дедим. Анан унаалардын артына төшөктөрдү салыштырышты. Ал жерде төшөнчү, устукандар бар болчу. Анарбай Кубатидинович "Лексустун" артында отуруптур. Анан "жүрүңүз, чогу эле кетели" десем, "барып, эс ала берейинчи" деди. Унаанын алдында Улан Кожоназаров бар болчу. Кийин "Нивага" батпай калдык. Эмил Ажибеков кызматтык унаасын чакырды. Унаага мен, Улан Эгембердиев, Эмил Ажибеков, айдоочу Манас отурдук. Үйгө барсам келинчегим жок экен. Балдарым бар болчу. Бир убакта Мирлан "шеф жок экен" деп чалды. "Койчу тамашаңды" деп телефонду коюп койдум. Кайра чалып, сурасам "Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын алдында турам" деди. Мен Баткен облустук прокуратурасында иштеген Аскар Исмаиловду чакырдым. Ал унаасы менен келди. Баткен РИИБге барсак унаа туруптур (ак түстөгү "Лексус"). Милиция кызматкерлери бар экен. Унаанын жанында Мирлан, Анарбай Кубатидиновичтин баласы бар экен. Унаада эч ким жок болчу. Мелис Калыковдун үйүнө барсак, ал жок экен. Мен "издегиле" деп айткам. Бир убакта облустук прокуратурада иштеген Бийкелди Акматов чалып, "азыр эле үй жагына келди (М.Калыков)" деп калды. Барсак, короосунда жүрүптүр. "Мелис, шеф кана" десем, "үйүнө таштагам" деди. "Үйүндө жок турбайбы" десем, "Мен кайдан билем" деп жооп берди. Кепкасында чыпалактай так бар болчу. "Бул эмне болгон кан?" десем, унчукпай кетип калды. Бир аздан кийин кепкасын жууп келди окшойт, суу болуп калыптыр. Анан милиция кызматкерлери келип калды. Алар Мелис Калыковду алып кетишти. Биз шаардык милицияга бардык. Мелис Калыков менен мамилебиз жакшы болчу. Ага кирип, "Мелис, аны (А.Мамажакыповду) кайда таштап койдуң, айтып койчу, караңгыда үшүп калбасын" дедим. Мен экөө уруша кетип, бир жерге таштап койду деп ойлогом. Ал үйүнө таштаганын айтты. Андан кийин Баткен шаарынын батыш тарабындагы бакчалардан издедик. Милицияга Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башчысы да келди. Алар да издешти. Таңкы саат 5:00дө Баткен районунун прокурорунун орун басары чалып "шефти таптык, атып кетиптир" деп чалды».

Мамлекеттик айыптоочу: - Мелис Калыков сиз менен же башкалар менен урушкан эмеспи?

Арслан Байболсунов: - Жок. М.Калыков мага жабыша бергенинен «ары турчу» деп койгом. Ал урушканга кирбейт да.

Мамлекеттик айыптоочу: - М.Калыковдун абалы кандай эле?

Арсланбек Байболсунов: - Эки-үч жолу арак ичкенин көргөм. Кызуу абалда болчу.

Мамлекеттик айыптоочу: - Төрт-Күлдөн М.Калыков эмне себептен кетем деп калды?

Арсланбек Байболсунов: - Өзү эле «кетем» деп калды. Эрнист «ачкычты берейинби?» деди. «Бере бер» дедим. Калгандары дагы да бере бер дешти.

Мамлекеттик айыптоочу: - А.Мамажакыпов жок экенин сизге биринчи М.Калыбеков (Баткен районунун прокурору) айттыбы?

Арсланбек Байболсунов: - Ооба, М.Калыбеков чалды. Биринчи устукан боюнча чалган болуш керек. Анан жарым сааттан кийин «шеф жок» деп чалды окшойт. Башында ишенген эмесмин. Келинчегим келип, айткандан кийин ишендим.

Мамлекеттик айыптоочу: - Ак «Лексусту» көрдүңүзбү?

Арсланбек Байболсунов: - Ооба, бир сыйра тегеренип да чыктым.

Мамлекеттик айыптоочу: - Силер тоого барган унаа бекен?

Арсланбек Байболсунов: - Ооба, ошол унаа экен. Арт жагында кан деп да айта албайм, кызыл тактар бар болчу.

Мамлекеттик айыптоочу: -Уудан кайтып келе жатканда Мелис Калыковдун куралы «Лексустун» кайсы жеринде жаткан?

Арсланбек Байболсунов: - Унаанын ичинде жок болчу. Мүмкүн унаанын арт жагында болгон.

Маркум А.Мамажакыповдун жакындарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева: - Мелис Калыковдон «А.Мамажакыпов кайда?» деп сураганда ал «үйүнө таштадым деген» деп жатпайсызбы. Ошол убакта М.Калыков кандай абалда болгон?

Арсланбек Байболсунов: - Кызуу абалда болчу.

Назгүл Сүйүнбаева: - Айтсаңыз, окуя болгондон кийин айыпталуучунун туугандары «кылмышты прокуратура кызматкерлери тарабынан эле уюштурулган» деп массалык маалымат каражаттарына билдиришкен. Эмне үчүн ошентип айтышкан деп ойлойсуз?

Арсланбек Байболсунов: - Бул боюнча маалыматым бар. Анарбай Кубатидиновичтин туугандарынан дагы бир жолу кечирим сурайм. Ата, кечирип коюңуздар, карай албай калыптырбыз. Мен бул боюнча (Н.Сүйүнбаеванын суроосуна жооп берип жатып) Баткен облустук улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылгам. Сиз айткан маалымат Кыргызстандагы сайтка Белоруссиядан — Асылбек Салиевич Бакиевдин телефонунан чыгыптыр. Бул боюнча материалдардын ичинде деле бар. Тергөөчүгө өтүнүч менен кайрылгам, себеби бул кызматтык иштерге байланыштуу. Ага чейин 56 кг баңги заттар менен кармалган адамдар болгон. Белоруссияга байлануштуу 8,5 млн сомдук иштер дагы болгон. Биз бекем туруп, мыйзамсыз иштерди бөгөт коюп жатканбыз. Анан эртеси эле Белоруссиядан тапанча такалгандыгы боюнча маалымат чыккан.

Turmush басылмасы 17-июнь күнү өткөн отурум эки тараптын кайым айтышуусу менен башталганын жазган. Анын жүрүшүндө маркум А.Мамажакыповдун жакындары шектүүнүн жактоочуларын тилдешкен.

Арслан Байболсунов мамлекеттик айыптоочулардын жана жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатканда шектүү М.Калыковдун жакындары аны тилдегени үчүн сот залынан чыгарылган.

Кезектеги отурум 1-июлга жылдырылды.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×