Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 18.06.2019 09:06 На русском

Ысык-Көлдө тоодогу малчы кызганычтан улам жубайын атып өлтүрдү

Turmush -  16-июнда Тоң районунун Сырт өрөөнүндө 29 жаштагы малчы өзүнүн жубайын атып өлтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул кылмыш жөнүндөгү маалымат милицияга кечээ, 17-июнда саат 4:00 чамасында түшкөн. 16-июнь күнү Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. (келин) Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз аймагында өзүнө мылтык менен ок атып, каза болгондугу жөнүндө айтылган. Бул маалымат Тоң РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, окуянын жагдайларын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тобу жиберилген.

Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы жаштагы тургуну К.И. өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багуу үчүн аталган жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөндүгү такталды. 16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлардын ортосунда чатак чыгып, күйөөсү жубайынын көкүрөгүнө ок аткан. Келин алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Күйөөсү ок атылган сайсыз мылтыкты мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн.

Аталган факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка далил зат катары ок атуучу курал алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы Тоң районунун Сырт өрөөнүндө чабандардын арасында ок атылып, бир адам каза болгону жөнүндө социалдык тармактарда тараган маалымат такталып жаткандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, милицияга өзүн-өзү аткан адам каза болгондугу жөнүндө кабар жеткен.

«Бүгүн, 17-июнда саат таңкы 4:00 чамасында Тоң РИИБге Сырт өрөөнүндөгү адам ок атуучу курал менен өзүн-өзү атып каза болду деген маалымат түшкөн. Бул маалыматты териштирүү үчүн Тоң РИИБдин ыкчам тергөө кызматы Сыртка жөнөп кетишти. Ал жакта уюлдук байланыш жок болгондуктан маалымат түшө элек. Тергөө кызматы келгенден кийин толук маалымат болот», - деп билдиришкен башкармалыктан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×