Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 16.06.2019 18:30

Айыл турмушу: Уста Р.Самаков ар кайсы тетиктерден чакан трактор курап, айылдаштарына кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылынын 30 жаштагы тургуну Ренат Самаков ар кайсы техникалардын тетиктеринен чакан трактор кураштырып иштетип жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы устадан кабар алды.

Анын айтымында, бул чакан трактордун астыңкы дөңгөлөгү «Жигулиники» болсо, арткы дөңгөлөктөрү айыл чарба унааларынан алынган. Кыймылдаткычы «Муравейдики», айрым тетиктери «Запорожец», «Москвич» сыяктуу унаалардыкы. Бул трактор 30 миң сомго бааланат.

«Муну менен жазында картошка тигерде жөөк салам. Отоп, күзүндө казып да берем. 1 күндө 10дон ашык адамдын короодогу картошка аянтарында кызмат кылам. 1 күндө 2,5-3 гектардан ашык картошканы отоп, түптөп берем. 1 гектар жерге 10 литр бензин куюп, 1000 сом акы алам. 2 жыл мурда элдин талаага тигилген картошкаларын гектарлап түптөп берчү элем. Былтыркы картошка көйгөйүнөн кийин быйыл картошка аянттары азайып, көбүнчө үйлөрдөгү чарбактарда иштеп жатам. Мындан башка 1 тонна жүк көтөргөн араба жасагам. Калган мезгилде аны менен чарбалык жумуштарды аткарам», - деди уста.

Ренат мырза жубайы Айсулуу айым экөө 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×