Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 12.06.2019 18:18 На русском

Ат-Башыда 2,2 млн сомдук топоз, 200 миң сомдук жылкы жоголду. Чабан изделүүдө

Turmush -  Ак-Сайда 37 топоз, 5 жылкы уурдалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мал ээси Акылбек Турдакунов билдирди.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну Акылбек Турдакунов Ат-Башы РИИБге арыз менен кайрылып, 2017-жылдын июль айында 216 баш топоз жана 64 баш жылкыны чабанга бактыруу үчүн Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну Т.Р. (чабан) менен жазуу түрүндө эки тараптуу келишим түзгөнүн билдирген. Ошондой эле чабандын айлык маянасын өз убагында берип тургандыгын, бирок ага карабастан Р.Т. өзүм билемдик менен багып жаткан малдардын арасынан жалпы 37 баш топоз, 7 баш жылкыны 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын март айына чейин сатканын айткан.

Аталган факт Ат-Башы РИИБ тарабынан 2019-жылы 15-майда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Т.Р. Акылбек Турдакуновго тиешелүү топоздорду жана жылкыларды толук өткөрүп бербестен изин жашырып, белгисиз тарапка качып кеткендиги жана өзүм билемдик менен 37 баш топоз, 7 баш жылкыны сатып жок кылгандыгы (күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен) аныкталган.

Учурда Т.Р. Ат-Башы РИИБ тарабынан изделүүдө.

Акылбек Турдакуновдун айтымында, аталган бодо малдар Ак-Сай өрөөнүндөгү Кароол-Дөбө аймагынан уурдалган.

«Малды Ак-Сай жайлоосуна чыгарабыз. Бул жайлоо Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу. Айыл өкмөт менен атайын келишим түзүп алганбыз. Акыркы жолу малыбызды санаганда 37 топоз, 5 баш жылкы жетпей калды. Өз алдыбызча иликтеп, бул бодо малдын ичинен 28 баш топоз, 5 баш жылкынын ар кандай жолдор менен 3 айдын аралыгында уурдалганын аныктадык. Айрымдарын союп, кээ бирин тирүү жүктөп кетишкен экен. Мунун баарын Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө билдирдик. Жоголгон малдын баары биздики», - деди ал.

Акылбек Турдакунов бул аймакта уурулар көп болуп жаткандыгын айтты.

«Карышкырды атса болот, бирок ууруну тыя албайт экенсиң. Уурулар семизин, чоңун уурдап жатат. Бул уурулук фактысына чек ара кызматкерлеринин катыштыгы бар болушу мүмкүн. Себеби, куралчандарды көргөндөр бар экен. Буга чейин чек ара кызматкерлери 2 чоң топозду атып, жыйынтыгында төлөп беришти», - деди ал.

Мал ээси кошумчалагандай, учурда малын баккан топозчу кайда экендиги белгисиз.

Акылбек Турдакунов 1993-жылдан бери мал чарбачылык менен алек. Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылында жашайт.

Ат-Башыда бир топоздун орточо баасы 60 000 сом, ал эми жылкынын (жөнөкөй жылкы) орточо баасы 40 000 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×