Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.06.2019 15:51

Балыкчыдагы батут кырсыгы: Жабыркаган 3 жаштагы кыз Бишкекке которулду

Turmush -  Балыкчы шаарында балдар ойноп жаткан батут оодарылып, катуу жараат алган 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 11-июнда түштөн кийин ал Бишкек шаарындагы ооруканага которулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2014-жылы туулган кыз Бишкек шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлеринин коштоосунда борборго жеткирилген. Анын 2012-жылы туулган эжеси Балыкчы шаарындагы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Оң буту сынган кызга операция жасоо боюнча бүгүн чечим кабыл алынат.

Ал эми уруксат берүүчү документтери жок батут орноткон жашоочу окуя болгонуна өкүнүп жатканын айткан.

«Ал аял эч жерде иштебейт, күйөөсү дагы бош, уулу дагы жумушсуз. Үй-бүлө чогулткан акчага буга чейин колдонулган батут сатып алып, жайкы туристтик сезонго даярданып жатышкан. Алар батутту пляжга орнотушмак экен. Ошол күнү алар батутту алып чыгып, үйлөтүп, тешик жерлерин чаптап коюуну көздөшкөн. Ошол учурда кичинекей балдар батутта ойноону суранышкан. Аялдын уулу аларга уруксат берип койгон. Ошол учурда катуу шамал болуп, батутту учуруп кеткен», - деп билдиришти тургундар.

Мэрия атайын комиссия түзүп, болгон окуяны толугу менен изилдеп жатат. Ошондой эле мэрдин резеврдик фондунан жабыркаган кыздардын үй-бүлөсүнө 10 миң сом жардам катары бөлүнгөн.

Буга чейин Балыкчы шаарында катуу шамалдан балдар ойноп жаткан батут оодарылып, 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү жана анын 6 жаштагы эжесинин дагы буту сынып, учурда ооруканада экендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×