Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.06.2019 14:35

Ысык-Көлдө тойдон кийин ууланган адамдардын саны 26га жетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ууланган адамдардын саны 26га жетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук санэпидкөзөмөл бөлүмүнүн башчысы Гүлүшкан Тайлакова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө адистер текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Конокторго берилген эт анализге алынган. Жалпы 26 адам ууланган, алардын ичинен 1 жашка чейинки 2 бала, 14 жашка чейин 5 бала бар. Калганы чоң адамдар. Жалпы уулангандардын ичинен 12 адам ооруканада дарыланып жатышат, калгандары жергиликтүү ФАПтын кызматкерлеринин көзөмөлүндө», - деди ал.

Ошондой эле ал изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын аралыгында белгилүү болорун кушумчалады.

«Конокко жалпы 9 адам барган, алардын ар бири кешикке келген эт жана таттуулардан үйүнө алып барышып, үй-бүлө мүчөлөрүнө берген.

Уулангандардын ичинде 43 жаштагы кош бойлуу аял дагы бар. Учурда ал үйүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер эне жана балага зыяны тийбеши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», - деди ал.

Буга чейин Ак-Суу районунда 12 адам ууланып, ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-июнунда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну кызын турмушка узатканына байланыштуу кошуналарын конокко чакырган. 9-июнда саат үй ээси кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген.

10-июнга караган түнү коноктор өздөрүн жаман сезип, башы ооруп баштаган. Андан кийин ооруканага 19 адам кайрылган, алардын ичинен 12 адам ооруканада жатат. Калган 7 адам жеңил уулануу болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ооруканага түшкөн адамдардын тизмеси бул шилтемеде.

Кызын турмушка узаткандан кийин кошуналарын конокко чакырган Боз-Учук айылынын жашоочусу окуя тууралуу айтып берген болчу.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×