Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.06.2019 12:24

Ысык-Көлдө тойдон кийин ууланган адамдардан кабар алышты

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында массалык ууланган адамдар учурда райондук ооруканада дарыланып жатышат. Алардын абалынан Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Өмүрбек Тамаев, райондун акими Акылбек Түкөбаев кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ө.Тамаевдин айтымында, учурда бейтаптардын абалы жакшы.

«Негизи оорукананын жалпы иши менен тааныштык. Азыр массалык уулангандардын баары жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатыптыр. Абалы канааттандырарлык экен. Алар нааразычылыктар жок экенин жана дарыгерлер жакшы карап жатканын айтышты.

Ал эми малдын эти атайын экспертизага жөнөтүлүптүр. Кешикке келген эт 3 күнгө жакын туруп, бузулуп баратышы мүмкүн деп айтып жатышат. Бирок эт жыттанган эмес экен. Союлган малга дары сайылганбы деп ойлоп жатабыз. Мунун баары экспертизанын жыйынтыгы чыкканда белгилүү болот», - деди Ө.Тамаев.

Буга чейин Ак-Суу районунда 12 адам ууланып, ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-июнунда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 1993-жылы туулган тургуну Р.К. карындашын турмушка узатканына байланыштуу кошуналарын конокко чакырган. 9-июнда саат 16:00 чамасында үй ээси кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген.

10-июнга караган түнү коноктор өздөрүн жаман сезип, башы ооруп баштаган. Андан кийин ооруканага 19 адам кайрылган, алардын ичинен 12 адам ооруканада жатат. Калган 7 адам жеңил уулануу болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×