Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.06.2019 11:18

Кең-Суу айылында 2,6 млн сомго кичи футболдук аянтчанын курулушу башталды

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылында жалпы наркы 2 млн 600 миң сом турган кичи футболдук аянтчанын курулушу башталды, деди Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Жапаров.

Анын айтымында, курулушка айыл тургундары дагы материалдык жардам көрсөтүшкөн.

«Курулуш иштерин «Насип курулуш» фирмасы жүргүзүүдө. Ал эми Кең-Суу айылынын жаштары пайдубалынын чуңкурун уюшкандыкта казып беришти.

Кичи футболдук аянтчанын курулушу үчүн Кең-Суу айылынын тургундары 300 миң сом салым кошсо, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 500 миң сом бөлүндү. Калган 1 млн 800 миң сом түрткү берүүчү гранттын эсебинен берилет», - деди О.Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×