Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.06.2019 11:13

Аба ырайы: Ысык-Көл облусунда катуу жаан жаашы ыктымал

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Кыргызстандын аймагында бүгүн, 12-июнь күнү туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×