Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.06.2019 18:09

Балыкчыда жайкы сезонго карата даярдык текшерилди

Turmush -  Туристтик сезондун башталышына карата Балыкчы шаарында эс алуучулардын коопсуздук маселесин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага шаардык ички иштер бөлүмүнүн, «Ысык-Көл биосфералык аймагы» дирекциясынын, прокуратуранын, Экотехинспекциясынын, мэриянын, ӨКМдин кызматкерлери, мэр М.Кудайбергенов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишканасынын пляждар бөлүмүнүн жетекчиси учурда бир мотор, үч калак менен иштеген кайык бар экенин, куткаруучулар жана суучулдардын жабдыктары даяр экендигин айтты.

Ал эми тиешелүү кызматкерлер «Ата-энелер жана балдар! Көлгө түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактагыңыздар», «Тыюу салынган жерлерде көлгө түшкөнгө болбойт» деген жазууларды, баннерлерди илишти. Көлдүн жээгинде жайкы сезонго карата оңдоо иштери аяктап калды.

Мэриянын маалыматына караганда, 15-июндан баштап пляж ачылат. Анда 929 чарчы метр таманташ төшөлүп, 300 тонна кум ташылып келип, көл жээгине төгүлдү. Он жаңы отургуч орнотулуп, 6 кийинүүчү жай жасалууда. Дааратканалар даярдалып, ага баруучу жолго таманташ төшөлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×