Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2019 19:48

Ысык-Көл облустук оорукананын балдар бөлүмүнө жардам берилди

Turmush -  Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмүнө материалдык жардам берилди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозованын айтымында, оорукананын балдар бөлүмүнүн канализациясын жаңыртууга жардам берилип, суу ысыткыч (Аристон) белек кылынды.

«Ооруп жаткан балдардын көңүлүн көтөрүү максатында балдар ойноочу бөлмөгө атайын оюнчуктарды белек кылдык. Иш-чара балдарды коргоонун бир айлыгына карата уюштурулду», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×