Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусу, Нарын 11.06.2019 23:11

Дарыгер З.Билалова келечекте эне болуучу кыздарга кеңеш берди

Зулайка Билалова
Зулайка Билалова

Turmush -  Кыздардын бардыгы бой жетип, үй-бүлө куруп, эне болушат. Эне болгондон кийин көпчүлүгүнүн организми алсыз болуп, чачы жана тиши түшүүсү мүмкүн. Нарын облустук бириктирилген оорукананын үй-бүлөлүк бөлүмүндө 30 жылдан бери эмгектенип келе жаткан дарыгер Зулайка Билалова келечектеги эне болуучу кыздарга төмөндөгүдөй кеңеш берди.

Анын айтымында, ар бир адам туура тамактануусу зарыл жана өз убагында текшерүүдөн өтүп туруусу керек.

«Мен 30 жылдан бери үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенип келем. Ар бир кыз эне болот. Бойго бүткөн кезде витаминдин баары балага кетет. Андыктан ар бир кыз өзүн карап, таманын жылуулап жүрүүсү керек. Ошондой эле, эне болгонго чейин туура тамактанып жүрүүсү зарыл. Мисалы, жаш малдын этин көбүрөөк жеш керек. Себеби анда белок көп болот. Аны менен бирге жер-жемиштер, сүт азыктары менен тамактанып, күнүгө 2 литрден кем эмес суюктук ичүүсү зарыл. Ошондой эле 18 жашка толгондон баштап 2 жылда бир жана турмушка чыгар алдында болочок жолдошу экөө тең текшерүүдөн өтүшү керек. Эгер кыздар эне болгонго чейин жогоруда айтылгандай тамактанса жана текшерүүдөн өтүп турса, эне болгондон кийин чач же тиш түшүүнүн, организмдин алсыз болуусунун алдын алат.

Ашыкча салмактуулук жүрөк, бөйрөк жана башка ооруларды алып келиши мүмкүн. Ар бир адам өзүнүн боюна жараша салмагы болуш керек. Мисалы, бою 1 метр 60 см болсо, салмагы 60 килограммдан ашык болбошу зарыл», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×