Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2019 14:50

Караколдо донорлор күнү белгиленип жатат

Turmush -  Каракол шаарында 14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан тапшыруучу донорлордун күнүнө карата «Бардыгы үчүн коопсуз кан» акциясы өтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага шаар тургундары, ардактуу донорлор, дарыгерлер, ыктыярчылар катышууда. Анда мекеме-ишканалардын кызматкерлери өз каалоосу менен кан тапшырды. Алардын арасында вице-мэр Гүлназ Орозова дагы бар.

«Мындай иш-чара Жети-Өгүз районунда дагы уланат. Жарандар бул акцияга жылдан жылга активдүү катышууда. Бир сааттын аралыгында 10дон ашык киши катышты», - дейт Кызыл Ай коомунун өкүлү Марсел Саламатов.

Иш-чарада ардактуу донорлорго белектер тапшырылды. Шаарда 40 ардактуу донор бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×