Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.06.2019 14:30 На русском

Ысык-Көлдө кыз узатуу тоюнан кийин 19 адам ууланды: Окуянын жаңы жагдайлары

Turmush -  Ак-Суу районунда тургундардын тамакка ууланышы боюнча жаңы жагдайлар пайда болду.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, Боз-Учук айылынын жашоочусунун кызы акыркы 4 жылдан бери Москва шаарында иштеп келген. Ал жактан болочок жолдошу менен таанышып, 3 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ушул жылдын жаз мезгилинде алар баш кошууну чечишкен. Кыздын болочок жолдошу ал сыяктуу эле Москва шаарында иштечү. Каада-салт менен үйлөнүү үчүн алар эмгек өргүү алып, мекенине келишкен.

«Мен өзүм 5 баланын энесимин, улуу балам үйлөнгөн, кызымды болсо 8-июнда турмушка узатып, кыз узатуу тоюн өткөргөнбүз. Кудалар Бишкек шаарынан (Өздөрү Жалал-Абад облусунан болушат, бирок 20 жылдан бери Бишкекте жашашат) келишти. Болгону 9 киши келди, биз даярданып, кудаларды тосуп алдык. Алар 8-июнда түштөн кийин келишип, 9-июнда түштөн кийин узашты.

Кудалар таттуу, боорсок жана койдун бышырылган этин ала келишиптир. Алар кетишкенден кийин биз салт боюнча кошуналарыбызды чакырып, кешиктен ооз тийгизгенбиз. Эт эч кандай жыттанбай эле болчу, анткени алар алып келери менен биз муздаткычка салып койгонбуз. Эгерде эт жыттанып кетсе же бир нерсе байкасам аны конокторго бермек эмесмин», - дейт Боз-Учук айылынын тургуну (кыздын апасы).

Ошондой эле ал уулануудан кийин ооруканага барып, айылдаштарынын ден соолугун сурап келгенин дагы билдирди.

«Койду кудалар Бишкектеги мал-жандык саткан базардан сатып алышыптыр», - деп кошумчалады ал.

Бишкектен келген коноктордун арасынан келин жана күйөө бала дагы ууланган. Бирок алар жеңил уулангандыктан дарыгерлерге кайрылышкан эмес. Ал эми үй ээлери конокторду тосуп жүрүп, өздөрү эттен ооз тийишкен эмес.

Санэпидкөзөмөл борборунун адистери анализ алуу үчүн этти үй ээсинде жок калганына байланыштуу кошуналарынан алышкан.

Ал эми жаңы эле баш кошкон жубайлар бул окуя териштирилгенден кийин Москвага кетүүнү пландап жатышат.

Буга чейин Ак-Суу районунда 12 адам ууланып, ооруканага түшкөнү жана алардын бири жандандыруу бөлүмүндө экендиги маалымдалган болчу.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-июнунда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 1993-жылы туулган тургуну Р.К. карындашын турмушка узатканына байланыштуу кошуналарын конокко чакырган. 9-июнда саат 16:00 чамасында үй ээси кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген.

10-июнга караган түнү коноктор өздөрүн жаман сезип, башы ооруп баштаган. Андан кийин ооруканага 19 адам кайрылган, алардын ичинен 12 адам ооруканада жатат. Калган 7 адам жеңил уулануу болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ооруканага түшкөн адамдардын тизмеси бул шилтемеде.

Ал эми ууланып, ооруканага түшкөн Ж.Тимур (айылдын 1986-жылы туулган тургуну) окуя тууралуу айтып берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×