Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 11.06.2019 12:23

Чолпон-Атанын тургуну мэрияга өткөрүп берген сейил бак каралбай калды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы Алыкул Осмоновдун үй музейинин жанындагы «Алыкул» атындагы аллея каралбай калганына үй музейдин негиздөөчүсү Бакыт Асанбаев нааразы, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, үй музейдин жанындагы аллеяны былтыр Бакыт Асанбаев Чолпон-Ата шаардык мэриясына өткөрүп берген. Өз кезегинде мэрия аллеяны көрктөндүрүү ишин мойнуна алган.

«Мэрия аллеяны көрктөндүрүү иштерин өзүнө алганы менен бул жер такыр каралбай калды. Бул маселе боюнча бир нече ирет мэриянын жетекчилигине кайрылганым менен майнап чыккан жок. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аллеяга көңүл бурушса дейт элем», - деди Б.Асанбаев.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарынын тургуну Бактыбек Асанбаев акын Алыкул Осмоновдун үй музейинин жанындагы сейил бакты мэрияга өткөрүп бергени маалымдалган.

Б.Асанбаев үй музейди 2009-жылы негиздеген. Ал эми музейдин жанындагы сейил бакка 2015-жылы А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата анын айкели орнотулуп, арчалар отургузулуп жасалгаланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×