Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2019 09:20

Ысык-Көлдүн мугалимдери англис тилин окутуунун жаңы методдорун үйрөнүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын мугалимдери англис тилин балдарга окутуунун жаңы методдорун үйрөнүп жатышат.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, атайын чет өлкөдөн келген адистер иш тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

«Учурда жаштар англис тилин окууга абдан кызыгышат. Сабактарды дагы кызыктуу кылып, ар кандай жаңы технологияларды колдонуп, жаңы методдор менен өтүүгө үйрөнүп жатышат. Биздин мугалимдердин айтымында, окуучулар көбүнчө бул тилде дилбаян жазууда кыйналат экен. Аны жазуу тууралуу да маалымат берилди. Азыркы окуучулар техникага да кызыгып, уюлдук телефон, планшеттерди көтөрүп жүрүшөт. Аларды туура багытка колдонуунун жолдору айтылды», - дешти адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×