Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2019 08:25 На русском

Караколдо 40 млн сомго 120 орундуу бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Каракол шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 кабаттуу мекеме М.Элебаев жана К.Карасаев көчөлөрүнүн кесилишине салынып жатат. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 40 млн сом каралган.

«Бала бакчага кезекке тургандар көп. Эл дайым бала бакча курууну суранып келген», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×