Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.06.2019 16:48 Жаңыланды: 10.06.2019 18:19 На русском

Массалык уулануу: Ысык-Көлдө кыз узатуудан кийин 19 адам ууланды. Видео

Turmush -  Ак-Суу районунда 12 адам ууланып, ооруканага түштү. Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-июнунда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 1993-жылы туулган тургуну Р.К. карындашын Жалал-Абадга турмушка узатканына байланыштуу кошуналарын конокко чакырган. 9-июнда саат 16:00 чамасында үй ээси кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген.

10-июнга караган түнү коноктор өздөрүн жаман сезип, башы ооруп баштаган. Андан кийин ооруканага 19 адам кайрылган, алардын ичинен 12 адам ооруканада жатат. Калган 7 адам жеңил уулануу болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ак-Суу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1986-жылы туулган Ж.Т. түшкөн. Ал эми жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылгандар:

1. Т.А., 2008-жылы туулган;

2. К.К., 2008-жылы туулган;

3. А.А., 2005-жылы туулган;

4. А.Б., 1949-жылы туулган;

5. Ж.у.А., 1991-жылы туулган;

6. А.Ж., 2002-жылы туулган;

7. Р.А., 2002-жылы туулган;

8. Т.Ч., 1969-жылы туулган;

9. И.Ш., 1950-жылы туулган;

10. А.Т., 1960-жылы туулган;

11. Б.Т., 2018-жылы туулган.

Бардыгы Боз-Учук айылынын тургундары.

Амбулатордук дарылануудагы адамдардын тизмеси:

1. Т.М., 1974-жылы туулган;

2. Ж.А., 1977-жылы туулган;

3. Б.А., 1975-жылы туулган;

4. М.П., 1995-жылы туулган;

5. К.Г., 1955-жылы туулган;

6. К.А., 1995жылы туулган;

7. Ж.М., 1987-жылы туулган.

Учурда стационардык дарылануудагы бейтаптардын абалы орто оор деп бааланууда. Ак-Суу райондук санэпидемстанция бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү иштерди аткарып жатышат.

Райондун акими Акылбек Тюкебаев билдиргендей, санэпидкөзөмөл кызматы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп жатат, коноктор жеген тамак-аштар анализ үчүн алынды.

Анын маалыматына караганда, окуя болгондон кийин адистер жерине барышкан.

Айыл тургундары маалымдагандай, үй ээси кызын турмушка узатып, кошуналарга кешик ооз тийгизген.

Ооруканага түшкөн 1986-жылы туулган Ж.Тимур: «Ошол күнү мен айылда болчумун, чарба иштери менен алектенип жүргөм. Аялым конокко барып, эт, боорсок жана татууларды алып келиптир. Биздин үй-бүлө дастаркондун үстүндө жаш жубайларга бата тилеп, эттен ооз тийгенбиз. Эт көп деле эмес болчу, бир аздан гана жегенбиз. Түн жарымда өзүмдү жаман сезип, кускум келип, ичим өтүп баштады. Ошондуктан мени түнкүсүн ооруканага алып келишип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Азыр өзүмдү бир аз жакшы сезип калдым», - деп билдирди.

Аны менен бирге ооруканага анын улуу кызы жана апасы дагы жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×