Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.06.2019 14:23

Сүрөт — Ак-Сууда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майып айылдашына үй куруп беришти

Turmush -  Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын тургундары 1-топтогу майып жубайлар — Зарылдыкова Элиза менен Саткангул Жумалиевге үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектепти 1999-жылы аяктаган 14 бүтүрүүчү майрамдык кече уюштуруунун ордуна жардамга муктаж айылдашына үй куруп берүүнү чечишкен. Курулуш иштери бир айдын ичинде бүтүп, 10-июнда ачкычы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана «Ак-Суу Арашан» коому, айыл тургундары жубайларга белектерин беришти. Ошондой эле кайрымдуулук көрсөткөн 20 жылдык бүтүрүүчүлөргө ыраазычылыктар айтылды.

Буга чейин айыл тургуну Рыскелди Жунушев классташтар айылдашына үй куруп жатышканын билдирген болчу.

«Биз майрам өткөрүүнүн ордуна айылга пайдалуу иш жасоону чечтик. Айылга аялдама куруу же арка орнотуу сунуштары айтылды. Бирок кеңешип отуруп, жыйынтыгында айылдагы Саткангул Жумалиев агабыздын үй-бүлөсүнө үй куруп берүүнү чечтик. Агабыз 1972-жылы туулган, үч баласы бар, ушул эле айылда инисинин үйүндө жашайт. Тагдырдын буйругу экен, Саткангул агабыз, жеңебиз дагы сүйлөбөйт жана уга алышпайт.

Айылдын четинде бир туугандары куюп койгон үйдүн пайдубалы бар эле. Ошол курулушту ушул жылдын апрель айында улантып баштаганбыз. Азыр үй курулуп бүтүп калды», - деп билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×