Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 10.06.2019 11:58 Жаңыланды: 10.06.2019 14:00 На русском

Балыкчыдагы батут кырсыгы: Окуя болгон жерден сүрөттөр

Turmush -  Балыкчы шаарындагы батут кырсыгы боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, 8-июнда Балыкчы шаарынын тургуну көп кабаттуу турак үйдүн короосуна батут орноткон. Бирок анда эч кандай уруксат берүүчү документ болгон эмес.

Аталган факт боюнча Балыкчы шаарынын милициясы тергөө иштерин жүргүзүп, КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 142-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери билдиргендей, батутту паркта жана көлдүн жээгинде гана орнотууга болот. Ал эми бул батут Соң-Көл аталышындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы аянтчага орнотулган. Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери буга чейин алар батутту орнотулган жайдан алдыртышканын, бирок батуттун ээси ошол күнү кайра орнотуп алгандыгын билдиришти.

Кырсыктан жабыркаган кыздардын атасынын айтымында, ошол күнү анын 3 кызы үйүнүн жанында жайгашкан батутка жарым саатка ойногону кетишкен. Анын 4-класста окуган улуу кызы 2 сиңдиси менен кеткен, алар буга чейин дагы 2-3 жолу барышкан.

Ошол учурда ойноп жаткандардын эң кичинекейи анын эки кызы болгон. Батуттун ээсине карата тургундар милицияга арыз жазышкан эмес.

Буга чейин Балыкчы шаарында катуу шамалдан балдар ойноп жаткан батут оодарылып, 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү жана анын 6 жаштагы эжесинин дагы буту сынып, учурда ооруканада экендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×