Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.06.2019 21:56 На русском

Балыкчыда балдар ойноп жаткан батут оодарылып, 3 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түштү

город Балыкчы
город Балыкчы

Turmush -  Балыкчы шаарында катуу шамалдан балдар ойноп жаткан батут оодарылып, 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Анын 6 жаштагы эжесинин дагы буту сынып, учурда ооруканада. Бул тууралуу Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканадан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, бүгүн 9-июнь күнү саат 13:00 чамасында ооруканага 2013-жылы жана 2016-жылы туулган эже-сиңди түшкөн. 6 жаштагы кыздын буту сынган, бирок абалы туруктуу. Ал эми анын сиңдисинин абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бишкек шаарындагы балдар ооруканасынан тажрыйбалуу дарыгерлер чакыртылып, алар кызды текшергенден кийин аны тынчсыздандырбай, абалы турукташкандан кийин Бишкекке алып кетүүнү чечишти.

Андан тышкары аталган окуядан 2 бала жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Балдар ойноп жаткан батут шаардын Соң-Көл кичи районунда жайгашкан. Ал катуу шамалдын кесепетинен оодарылып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×