Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.06.2019 16:57 На русском

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы Азербайжанга жөнөп кетти (сүрөт)

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы
Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы

Turmush -  Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы Азербейжанда өтө турган Дүйнө биринчилигине жөнөп кетти. Бул тууралуу кураманын башкы машыктыруучусу Марат Раматов билдирди.

Анын айтымында, Азербайжандын Баку шаарында 7-июндан 10-июнга чейин таяк тартыш боюнча Дүйнө биринчилигинин алгачкы этабы өтөт. 7-июндан баштап курама командалар Азербайжан өлкөсүнө барып, мандат комиссиясынын текшерүүсүнөн өтүшөт. Кыргызстандын атынан Дүйнө биринчилигине жалпы 16 спортчу катышууда.

«14 спортчу чоңдор арасында, ал эми 2 спортчу өспүрүмдөр арасында күч сынашат. 60 кг салмакта Азамат Асанов жана Рысбек Сулайманов, 70 кг салмакта Кудайназар Алимов жана Элдос Айтбаев, 80 кг салмакта Чыныбек уулу Русланбек жана Деркенбай уулу Бактыбек, 90 кг салмакта Эмилбек Мусуралиев жана Азат Таштанбеков, 105 кг салмакта Атайбек уулу Келдибек жана Иман Кудайбергенов, 125 кг салмакта Ринат Асаналиев күч сынашат.

Ал эми кыз-келиндер арасында 65 кг салмакта Айгерим Жайлообекова, 85 кг салмакта Назия Майлыбашева жана 85 килограммдан жогорку салмакта Дилдора Рахманова күч сынашат. Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмакта Чыңгыз Саламатов жана 60 кг салмакта Арслан Чыныбек уулу Кыргызстандын намысын коргошот», - деди башкы машыктыруучу.

Азербайжанга жөнөп кеткен кураманын катарында Ысык-Көл облусунун 9 спортчусу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×