Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.06.2019 20:00

Жети-Өгүздө жыл башынан бери 21 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон

Turmush -  Жети-Өгүз районунда рейд жүргүзүлүп, жол эрежесин бузган айдоочуларга 26 протокол толтурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жети-Өгүз райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Курстан Токбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган рейд жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн жана 1 күндө 29 эреже бузуу катталган. Алардын ичинен жетөө коопсуздук курун тагынган эмес жана 16 айдоочу унаасын катуу ылдамдыкта башкарган. Ал эми 1 айдоочу мас абалда болгон. Рейдге 6 жол тескөөчү тартылган.

Ушул жылдын башынан бери Жети-Өгүз районунда 21 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон жана 41 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×