Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.06.2019 17:56

Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги жол кырсыктан бир адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 6-июнда саат 23:00 чамасында Жети-Өгүз районунда катталган.

Саруу айылынын 1998-жылы туулган тургуну Ж.С. башкарып бара жаткан «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаа менен Конкин айылынын 1995-жылы туулган тургуну А.Ш. башкарып бара жаткан «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен «Жигули» унаасынын айдоочусу А.Ш. жана анын эки жүргүнчүсү ооруканага түшкөн. Үчүнчү жүргүнчү — Конкин айылынын 1995-жылы туулган тургуну Р.у.А. ооруканада каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×