Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.06.2019 17:21

«Биринчи операцияда көл-шал болуп тердеп...» Медайым Н.Абдырахманованын иш учурундагы кызыктары

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 50 жаштагы тургуну Назгүл Абдырахманова 31 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Тогуз-Булак айылында чоңойгон. Мектепти аяктагандан кийин 1986-жылы Бишкектеги медициналык окуу жайга тапшырган. Аны аяктаган соң, эмгек жолун 1988-жылы ӨКМдин Кажы-Сай айылындагы бөлүмүндө хирургия бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Ошондон бери медицина тармагында эмгектенип келет. Учурда Тоң аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө операциялык медайым болуп иштейт.

«Мен 5-класста окуп жүргөндө ичегилериме суук тийип, ооруканага жатып калдым. Ошол убакта медайымдар дарыгерлерге ийне сайып, дарыларды куюп, жардам бергенин көрүп, мен дагы медайым болгум келген. Анткени адамдар ооруп турганда дарыгерлерге кайрылышат, ошол убакта медайымдар күлүп-жайнап жардам беришсе, бейтап дагы оорусун унутуп каларына күбө болгом. Кыялым орундалып, медайым болдум», - деди ал.

Анын айтымында, бейтаптар ооруканадан сакайып чыгып кетишсе ал дагы сүйүнөт.

«Ооруган ар бир адам жакшы болуп кетсем экен деп тилек кылат да. Бейтаптар операциядан чыккандан кийин айыгып кетишсе мен дагы сүйүнөм. Ар бир бейтап биринчи кудайдан, экинчи дарыгерлерден үмүттөнөт.

Мен операциялык медайым жана улуу медайым болуп 15 жыл иштедим. 2004-жылдан тартып, улуу медайым болуп эмгектенип келем», - деди ал.

Назгүл Абдырахманова белгилегендей, иш учурунда эсте калган окуялар көп болот.

«Бир жолу бейтапка операция жасаларын угуп, хирург Жеңишбек Исмаиловичтен: «мен дагы операцияга кирейинби?» деп сурансам, макул болду. Суранганымдын себеби андан 2 ай мурун окууга барып, операциялык медайым болууга даярданган элем. Бул мен катыша турган биринчи операция болчу. Ага чейин чоң операцяга жалгыз кире элек болчумун. Ошентип хирург болуп, бейтаптын өтүндөгү ташты алуу операциясына кирдик. Керектүү шаймандарды даярдап койгом. Операция башталып, хирург сураган шаймандарды берип жаттым, өттөгү ташты алгандан кийин көл-шал болуп тердеп чыктым. Өзүм суранып, операцияга кирип алгандан кийин аягына чейин чыдайын дедим. Оперция ийгиликтүү аяктап, бейтап дагы бат эле басып кетти.

Эртеси бейтап жарат таңуу бөлмөсүнө келгенде хирург менден: «сахары канча экен?» деп сураса, бейтап менден биринчи: «40-45 болду» деди. Хирург менден сурап жатканын айтсам, улгайып калган эже: «кум шекердин баасын сурап жатат го дегем» деп коёт. Шекердин баасы ал кезде 40-45 сом болчу. Ошентип, бейтап өзүнүн жообу менен хиругду шок кылган эле», - дейт медайым.

Н.Абдырахманова жумуштан тышкары, бош убактысында адабий чыгармаларды окуганга кызыгат.

«Жумуштан сырткары китеп окуйм, адабий китептерди жакшы көрөм. Медицинага, операцияга тийиштүү китептерди окуйм. Андан тышкары үй-бүлөм менен чогуу эс алганды жакшы көрөм.

Тоң аймактык оорукананын жалпы жамаатына ийгилик каалайт элем. Элге кызмат кылып, жаштарга жакшы кеңештерди берсек дейбиз», - деди үч кыз, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×