Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.06.2019 16:24 На русском

Сүрөт — Балыкчыда жүк ташыган айдоочулар тынчтык митингге чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 7-июнда Балыкчы шаарында жүк ташуучу унаалардын ээлери тынчтык митингге чыгышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, нааразычылык акцияга чогулган 50дөй адам кытай-казак чек арасынан жүк ташып келүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканын билдиришти.

Айдоочулар коомунун өкүлү Таалайбек Сугатчиевдин айтымында, чек арадан товар келбей жатканына эки ай болду. Анын кесепетинен насыя алып, оокат кылгандар чыгымга учурап жатышат.

«Түндүк аймак боюнча чек арадан жүк ташыган 2 миңдей адамдын алды 15-20 жыл, аркасы 5 жылдан бери иштейт. Акыркы мезгилдерден бери азык-түлүктөн башка тиричиликке керектүү товарларды алып келе албай жатабыз. Анткени кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен жүккө төлөнгөн акы арзан болуп, айрым соодагерлер «Хоргос» аркылуу алып келип жатат. Биз кайсы күнү жүк алып өтөбүз деп 10-15 күндөп чек арада суу, даараткана, тамак-аштан кыйналып баштадык. Өкмөт башчы бул маселени тез арада чечпесе, Ак үйдүн алдына жүк ташуучу унаалар менен тынчтык митингге чыгабыз», - деди Т.Сугатчиев.

Ал эми бул маселеден кабар алган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев айдоочулардын маселеси чечилерин убадалады.

Эки тараптуу жолугушууда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууга жана кат жолдоого шарт түзүлөрүн айтып, ага чейин нааразычылык акцияны токтотууну өтүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×