Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.06.2019 15:17

Ысык-Көлдө тургундар майып айылдашына үй куруп жатышат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылынын тургуну, 2-топтогу майып Элдияр Мамышаевдин үй-бүлөсүнө жергиликтүү тургундар айыл өкмөт менен биргеликте 2 бөлмөлүү үй куруп берүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Э.Мамышаевдин жубайы дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Алардын бир уулу бар. Жубайлардын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан аларга турак жай куруп берүү демилгеси көтөрүлгөн. Аны айыл өкмөт жетекчилиги, депутаттар, айылдын эли колдоого алып, курулуш материалдарын алышып, учурда жаштар ашар жолу менен куруп жатышат.

Үйдүн курулушун бир айдын ичинде бүтүрүүгө аракет кылышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×