Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.06.2019 13:56

Сүрөт — Караколдо жайкы туристтик сезон ачылды

Turmush -  Каракол шаарында жайкы сезондун ачылышы болду, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Ачылыш аземге вице-мэр Г.Орозова, шаардык кеңештин депутаттары, шаар тургундары катышты.

Иш-чара шаардык пляжда өтүп, ал 10 чакырымга чуркоо менен башталды. Марафон шаардын 150 жылдык мааракесине дагы арналган. Анда 3 категория боюнча — жаштар, кыздар жана 50 жаштан жогорку 100гө жакын катышуучу чуркашты.

Жыйынтыгында 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга 5 миң сом, 3-орунга 3 миң сом байге берилди.

Ошондой эле флешмоб уюштурулуп, тургундарга концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×