Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.06.2019 13:13 На русском

Сүрөт — Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын абалы

Turmush -  Ысык-Көл облусунда туристтик сезонго карата Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, тейлөө шарттары текшерилип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүү иштерине өкмөттүн облустагы өкүлү А.Осмоналиев, Тоң районунун акими Д.Арпачиев, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиева катышууда. Текшерүү иштеринин негизги максаты жайкы эс алуу мезгилинде келген туристтерди сапаттуу тейлөө, тамактануучу жайлардагы кемчиликтерди жоюу болуп саналат.

Облустун жетекчилери менен жолугушууда «Кербен-Сарай», «Жибек-Жолу», «Ак-Жол» сыяктуу тамактануучу жайлардын ээлери салык, даараткана, жаан-чачында сел жүрүү маселесин көтөрүп жатышат.

Маалым болгондой, Боом капчыгайында Көк-Мойнок айыл аймагында жайгашкан 10 тамактануучу жай болсо, алардын жетөө иштейт. Жеке ишкерлер жылына 2 млн 800 миң сом салык төлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×