Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.06.2019 11:06 Жаңыланды: 20.07.2019 20:14

Бизге санарип пианино керек, - баткендик музыка мугалими Д.Байтемирова. Видео

Turmush -  Баткен шаарынын 49 жаштагы тургуну Диларам Байтемирова 27 жылдан бери балдарга музыкадан сабак берип, аларга музыкалык аспаптарда ойноону үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда анын 13 окуучусу бар.

«Мектепте окуп жүргөндө эле музыкага шыгым бар эле. Мектептен сырткары кошумча комуздан билим алдым. Орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы кыз-келиндер институтунун музыка факультетинин фортепиано бөлүмүн бүтүрдүм.

Алгач орто мектептерде балдарга музыка сабагын окутуп келдим. Акыркы беш жылдан бери Баткен райондук балдар чыгармачылык мектебинде балдарга фортепианодон сабак берип жатам. Учурда 13 окуучум бар. Эң алгачкы сабак берип баштаган окуучуларым 5-класс болуп калды. Жалпы музыкалык мектепте 7 жыл окушат. Нота, күүнү тандоодо окуучуларыма эркиндик берем. Алардын тандоосуна жараша үйрөтөм. Анткени балага бир нерсени мажбурлап үйрөтө албайбыз. Алар сүйгөн нотада тез үйрөнүп, өздөштүрүшөт. Манжалары ийкемдүү болушу үчүн кошумча көнүгүүлөрдү жасатам», - дейт ал.

Комузда, гитара жана фортепианодо эркин ойногон мугалим ишиндеги көйгөйлөрдү да айтты.

«Окуучуларым ар кандай райондук, облустук деңгээлдеги сынактарга катыша алышпайт. Анткени фортепианону көтөрүп жүрүүгө мүмкүн эмес. Салмагы жана көлөмү чоң болгондуктан көтөрүп бара албайбыз. Облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрда дагы фортепиано жок. Ошондуктан окуучуларымдын эмгегин көпчүлүк учурда көрсөтө албай калабыз. Бизге санарип пианино алып бергиле деп тиешелүү өкүлдөргө кайрылып жатабыз, бирок жыйынтык боло элек», - дейт мугалим Диларам Байтемирова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×