Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.06.2019 17:01

Балыкчыда көлдүн жээгин көрктөндүрүү, жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат

Turmush -  Балыкчы шаарында жайкы эс алуу сезонуна карата көлдүн жээгин көрктөндүрүү, жаңылоо, оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, тротуарларга жаңы таманташтар коюлуп, жаңы отургучтар орнотулуп жатат.

Жаңылоо иштери шаардык көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишканасы тарабынан жасалууда.

Жыл башында шаардык көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишканасына жетекчи болуп Марат Таржиев келген. Ал буга чейин Балыкчы шаардык жашылдандандыруу мекемесин жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×