Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.06.2019 16:49

Караколдун бир көчөсү 9 млн сомго асфальтталат

Turmush -  Каракол шаарында Убукеев атындагы көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол чарба муниципалдык ишканасынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, жолдун узундугу 900 метр, туурасы 6 метр болуп жасалууда. Ага КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан 9 млн сом бөлүнгөн. Курулуш ишин «Дорстрой» фирмасы жүргүзүп жатат.

«Учурда жол тапталып, асфальт төшөө үчүн даярдалууда. Эмки жумада асфальт басылып, жакынкы арада иш толук бүтөт», - дейт ишкананын жетекчиси Бакыт Барктабасов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×