Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.06.2019 14:12

Караколдо Орозо айт күнү жол эрежесин бузган айдоочу болгон жок

Turmush -  Каракол шаарында Орозо айт күнү тынч өттү. Бул тууралуу Каракол ШИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы Таалай Намазбеков маалымдады.

Анын айтымында, Орозо айт намазы учурунда ЖККК бөлүмүнүн 10 кызматкери кызмат өтөдү.

«Бул күнү жалпы 10 жол сакчы жол тыгындарын болтурбоо, жол эрежелерин сактоо багытында иш алып барышты. Айт намазга келген адамдардын саны арбын болгондуктан жөө адамдардын коопсуздугу каралып, көзөмөлдөө иштери жүргүзүлдү. Мечиттердин алдында жол сакчылары туруп, унааларды туура токтотуу жана эреже сактоо боюнча иш алып барышты. Бул күнү жол эрежесин бузуп, тоскоолдук жараткан жүргүнчү жана айдоочу болгон жок», - дейт Т.Намазбеков.

5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×