Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.06.2019 13:46

Ак-Сууда тургундар сүт заводдун алдына нааразычылык билдирип чыгышты. Видео

Turmush -  Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургундары сүттү кайра иштетүүчү «Ак-Булак плюс» ишканасынын алдына нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын айтымында, заводдон чыкан саркынды суулар апрель айынан бери айылды каптап жатса дагы тиешелүү органдар чара көрбөй келишет.

Ал эми ишкананын жетекчиси Максат Алдаяровдун айтымында, кезинде жергиликтүү бийлик ката кетирген.

«Негизи сүт заводдун жанынан 3 чакырым аралыкка чейин эл жашабашы керек болчу. Учурда сүт заводду борбордук канализацияга кошуу аракеттери көрүлүп жатат», - деди М.Алдаяров.

Ал эми Бөрү-Баш айыл аймагынын башчысы Урмат Шаршеев учурда тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Бөрү-Баш айылынын жаңы конушунда 100гө жакын эл жашайт. Тургундар ишканадан чыккан саркынды суунун кесепети тийип жатканын жана тиешелүү органдардан бул маселени чечүүнү өтүнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×