Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.06.2019 13:02 На русском

Ага-ини муздаткычка камалып каза болду. Түптөгү трагедиянын чоо-жайы

Село Михайловка Тюпского района
Село Михайловка Тюпского района

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылында 6 жана 4 жаштагы ага-ини эски муздаткычка камалып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Окуя 3-июнь күнү болгон. Эки бир тууган үйдүн короосунда турган эски муздаткычтын ичине ойноп кирип, кайра чыга албай, тумчугуп калышкан.

Каза болгон балдар — М.Д. жана М.Н. экени аныкталган. Алар 2013-жылы жана 2015-жылы төрөлгөн.

Михайловка айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, алгач балдарды болжол менен 150гө жакын айыл тургундары 6 саат издешкен.

«Жаш балдардын сөөгү Ананьев айылында жерге берилди. Учурда ата-энесинин абалы оор болуп жатат», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Каза болгон балдар үй-бүлөнүн улуусу болгон. Алардын 6 айлык карындашы бар.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганын билдирди.

Саат 11:50дө жергиликтүү тургундар — 28 жаштагы Р. жана анын жубайы — 27 жаштагы Ю. үйдүн короосунда ойноп жаткан балдарын издеп башташкан. Саат 17:00 чамасында гана бир тууган балдар СССР убагында чыгарылган эски муздаткычтан табылган. Муздаткыч ичинен ачылбай турганы белгилүү болду.

Каза болгон балдар облустук ооруканага жеткирилген жана ал жактан бир туугандардын каза болгонун айтышкан. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттады.

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы окуя болгон жерден видео таратуу фактысы боюнча ички текшерүү иштери башталганын билдиришти.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундар окуя тууралуу аймактык кабарчыга айтып беришкен.

село Михайловка Тюпского района

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×