Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.06.2019 10:35

Айдоочулар Кажы-Сай—Ак-Сай каттамындагы жүргүнчүлөрдү бекер ташыды

Turmush -  Тоң районунда Кажы-Сай—Ак-Сай каттамындагы кичи автобустун айдоочулары Орозо айына карата жүргүнчүлөрдү бекер ташыды. Бул тууралуу жергиликтү жашоочу Назар Муратбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мындай акция ал үчүн күтүүсүз болгон.

«Буга чейин Кажы-Сай—Ак-Сай маршруттук каттамы ачылып, элге кызмат көрсөтүп жатканын уксам дагы бир дагы жолу каттай элек болчумун. 5-июнь күнү райондун борборуна баруу үчүн кичи автобуска 2 балам менен түштүк. Жол кире сунсам айдоочу: "Орозо айтта жүргүнчүлөрдү бекер ташыйбыз" деди.

Мындай акция шаарларда болорун кээде угуп калчумун, бирок мен үчүн күтүүсүз болду. Ушул маршруттук каттамда иштеп жаткан бардык айдоочуларга ыраазычылык билдирем. Айтыңыздар маарек болуп, орозоңуздар кабыл болсун», - деди жергиликтүү тургун.

FB_IMG_1559708438829

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×