Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.06.2019 15:16

Караколдун борбордук аянтына 2 млн сомго ардак такта жасалат

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук аянтында жаңы ардак такта жасалат, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Вице-мэр Сеит Өскөнбаевдин айтымында, ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 2 млн 700 миң сом бөлүнгөн.

«Эки такта коюлат. Узундугу 10 метрди түзөт. Ал мрамордон жасалып, кечкисин күйүп турат. Биринчисине шаардын мыкты делген мекеме-ишканаларынын, экинчисине облустун сыймыктуу инсандарынын сүрөтү илинет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×