Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.06.2019 20:19

Ак-Суудагы окуучулар 7 жылдан бери полу чириген мектепте окушат

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы окуучулар 7 жылдан бери полу чириген жана дубалдарын көк баскан мектепте окуп келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айылдагы Сеит Кулматов атындагы мектепте 350 бала билим алат. Бирок мектептин имараты ата-энелерди жана мектептин жамаатын дагы түйшөлтүп келет.

«Имарат 1960-жылдары курулган. Класстардын шыбы бийик болгондуктан кышкысын жылытуу кыйынга турат. Өз күчүбүз менен класстардын шыбын жапызыраак кылып, эми кышкысын жакшы болуп калды. Эми нымдуулуктун айынан полдор чирип жатат. Мындан улам класстарды көк басууда. Чоң залда дагы абал ушундай», - деди аталган мектептин мугалими Чынара Данабаева.

Анын айтымында, дат басуудан улам окуучулардын башы ооруган учурлар дагы кездешет.

Ушул жылдын жаз мезгилинде айылда мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×