Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баракелде, Бишкек 04.06.2019 16:12 На русском

Сахнага чыгарган карыздар, сыймыктуу уулдар: Бектурдун апасы Жылдыздын жашоосу

Жылдыз Сейтакунова
Жылдыз Сейтакунова
// Turmush

Turmush -  Жаш болсо дагы чоң сахнада ордун таап, телеберүүдө алып баруучу болуп, жаш балдардын сүймөнчүлүгүнө айланган Бектурдун апасы Жылдыз Сейтакунова менен аймактык кабарчы баарлашты.

Жылдыз Сейтакунова 1985-жылы 24-мартта Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинде 9-класска чейин, андан соң Баетов айылындагы Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейде билим алган. Учурда Бишкек шаарында жашап, мейманканалардын биринде ашпозчу болуп эмгектенет. 2 уулдун энеси.

«Кесиптик лицейде 2-курста окуп жүргөн кезимде эрте турмушка чыктым. Өзүм жаш болгондуктан турмуштун ачуу-таттуусуна чыдаган жокмун. 3 айдан кийин эле ажырашып кеттим. Ошол кезде 3 айлык боюмда бар болчу. Ата-энем менен чогуу жашап жүрүп Бектурду төрөдүм. Кийин басып калган кезде Бектурду ата-энеме таштап коюп, өзүм иштөө үчүн шаарга келдим. Алгач кафелердин биринде идиш-аяк жуугуч болуп иштеп жүрдүм. Ашпозчулукка кызыгып, акырындап ашпозчулук ишке өттүм. Ошондон бери ашпозчу болуп иштеп келе жатам. Өзүм кызыккан кесип болгондуктан кыйналган деле жокмун. Бардыгын тез эле өздөштүрүп алдым. Андан соң, тагдыр мени кайрадан турмушка чыгууга аргасыз кылды. Көл тарапка келин болуп, бирок 4 жылдан соң эки башка жолго кетүүгө туура келди. Ал жактан Жуман аттуу уулдуу болдум. Кайрадан шаарга келип, ашпозчулук кесибимди уланттым. Мен шаарга келгенден кийин Бектурду алып апам дагы келди. Бектурду Келечек конушундагы №87 орто мектепке окууга киргиздик. Ага чейин Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде окуду», - деди Ж.Сейтакунова.

Баласы Бектурдун таланты 1-класс кезинде эле байкалып, элдин баарын таң калтырганын айтат.

«Баламдын таланттуу экенин Ак-Талаада окуп жүргөндө эле байкашкан экен. 1-классты бүтүп жатканда ырдатышат. Элдин баары таң калып, кол чаап, кучагы толо гүл алат. Апама "балаңыз сонун ырдайт турбайбы" деп айтышыптыр. Кийин Бектурду шаарга алып кеткенде райондук балдар билим берүү борборунун мугалимдери апама "Бектурду шаарга эмнеге кетирип жибересиңер. Биз окутмакпыз" деп аябай кыжалат болушуптур.

Бул жакта окуп жүргөн кезинде Рыскүл деген мугалими Бектурдун талантын байкап, ырчы, обончу Бакыт Мамаевдин телефон номурун таап берип, ал кишиге жөнөткөн. Ошентип алгачкы ырын жаздырып, чоң сахнаны көздөй кадам таштады. Андан кийин Бектурдун чыгармачылыгын колдоп, ырын жаздырып берем деп абдан кыйналган күндөрүм болду. Акча таппай, ар кимден карызга сурап жүрдүм. Өзүм кийинбесем, ичинбесем мейли, балам сахнанын адамы болуп кетсин деп жүрдүм. Негизи мен ырчылыкка абдан жакын болчумун. Аябай кызыкчумун. Ошол кызыгуум Бектурга өткөн окшойт. Бектурду тубаса таланттуу десем болот го. Ырдайт, ар кимдин ырдаганын, сүйлөгөнүн туурайт (пародист). Концертке же бир той-аштарга барып кызмат кыларда эч кандай даярданбайт. Кандай учур болбосун аткарып кете берет. Айрымдар таң калып, "үйдөн даярдантасыңарбы?" деп сурашат. Үйдө деле шаңдуу жүрөт. Биз менен тамашалашат. Ырдагысы келсе кыйкырып ырдайт. Кээде ачуум келип "болду, токтотчу!" деп урушсам, мени тамашага салып күлдүрүп коёт», - деди жаш таланттын апасы.

Ж.Сейтакунованы Бектурдун апасы деп көпчүлүк сый-урмат кылышканы менен Бектур апасын эже дейт.

«Бектур кичинесинен эле ата-энемдин колунда чоңойгондуктан мени эже деп, аларды ата-апа дейт. Ак-Талаада жүргөн кезинде аябай эле тентек экен. Кошуналардын балдары менен урушуп кетип, биринин башын бири жарып дегендей.

Бир жолу ата-энем Бектурду таежемдин үйүнө калтырып кетишет. Таежемдер айылдан алысыраак жерде мал кармашат. Тентектик кылса керек. Таежем какыс-кукус кылып койсо жөө жалаңдап айылга качып барыптыр. Ошондо 3-4 жашта болчу. Бирок азыр андай эмес. Өзү теңдүү балдар менен ойнобойт, сүйлөшпөйт. Ойлонуу сезими чоң кишилердикиндей. "Баластан" берүүсүндө алып баруучу болуп жүргөндө ал жактагы эже-агайлары "чоң кишидей болбой, кичирээк балдардай болуп жүр" деп тарбия берип жатышып, кичине ойлонуп калды. Өзүм дагы "канчалык көтөрүлгөн сайын, бийиктеген сайын ийилип жүр" деп акыл-насаатымды айтам. Ал эми кийинки уулум Жуман дагы таланттуу. Спортко кызыгат. Бирок ал дагы "Бектур байкемдей ырчы болом. Ыр жаздыртып бериңиз" дей берет», - деди уулдары сыймыктанган эне.

Уулу сахнага чыкканда өзгөчө сезимдер менен толкунданып, ыйлап жиберген күндөрүн эске салды.

«Уулум менен бир жакка барып калсам көргөндөр "Бектурдун апасы" дешип сый-урмат көрсөтүшөт. Эне катары уулум сахнага чыкканда же эфирден сүйлөп жатса аябай кубанып, башкача сезимдер менен толкунданам. Кубанычтан кээде ыйлап дагы жиберем. Башында айткандай, ыр жаздырып берем деп аябай кыйналган күндөрүм болгон. Бирок уулум сахнада жаркылдап ырдап жатса кыйналганымды унутуп калам. Бектур чоң сахнага чыгып, эфирден сүйлөп, эл оозуна алынып баштаганда мурунку кайын журтум тааныган экен. Себеби, Бектурдун фамилиясын өзүмдүн атама жаздыртып койгом. 2015-жылы алгачкы тушоо кесүү концертин койгондо менден күнөө кетпесин деп аларды чакырдым. Бирок келишкен жок. Жашоодо өкүнгөнүм эрте турмушка чыкканым. Бирок ага деле өкүнбөй калдым. Бектурдай уулум бар (күлүп). Кубанганым уулдарым жанымда, ата-энем маңдайымда», - деди Ж.Сейтакунова.

Ал учурда жүрөгүнүн ээси жок экендигин, бирок ыңгайы келсе турмушка чыгуу ниети бардыгын кошумчалап өттү.

Ж.Сейтакунова Бектурдун эң биринчи клибинде айылдык жеңенин образын жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×