Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.06.2019 15:16

Жети-Өгүздүн жаш балбандары Россиядагы мелдеште жеңишке жетишти

Turmush -  Россиянын Красноярск крайында өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандан барган команда байгелүү орунду ээледи. Бул тууралуу машыктыруучу Ильяс Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, 31-майдан 2-июнга чейин өткөрүлгөн мелдешке жалпы 20 команда катышып, Кыргызстандын атынан барган Жети-Өгүз районунун командасы ийгиликке жетишти.

«Мелдешке 35 кг салмактык категория боюнча чыккан Умар Ишембеков чемпион аталса, 32 кг салмактык категория боюнча катышкан Ислам Темирбеков жана Түлөбай Шергазиев 1-орунду ээлешти. Ал эми 38 кг салмактык категория боюнча Элдос Замиров 3-орунга чыкты», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×