Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 04.06.2019 13:27

Балыкчыдагы кыз-келиндер волейбол мелдешине түштү

Turmush -  Балыкчы шаарында кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча шаардык ачык биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

КРнын транспортуна эмгек сиңирген ишмер, «Ленин» жана «Эмгек Кызыл Туу» ордендеринин ээси, маркум Зуура Казакбаеванын жаркын элесине арналган мелдешке 8 команда катышты. Кыз-келиндер арасында волейбол оюнун өнүктүрүү, курама командаларды түзүү жана аларды республикалык мелдештерге даярдоо максатын көздөгөн мелдешти Балыкчы шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү менен Балдар спорт мектеби уюштурду.

Ал эми оюнду атайын түзүлгөн калыстар тобу көзөмөлгө алышты. Мелдешке билим берүү бөлүмүнүн, балдар спорт мектебинин, №4 гимназия мектебинин, шаардык-аймактын оорукананын, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин эмгек жамааты жана студенттери, №5 Чыңгыз Айтматов атындагы мектебинин мугалимдери жана окуучуларынын командалары катышты.

Иш-чаранын ачылыш аземине шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж.Шаршеев келип, бул мелдеш 1997-жылдан бери болуп келе жатканын айтып, командаларга ийгиликтерди каалады.

Бардык мелдештер учурда колдонулуп келе жаткан спорттук федерациялардын эрежелери аркылуу өткөрүлүп, финалдык оюн 5 партиядан болду. Жыйынтыгында 1-орунду Ч.Айтматов мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Чыңгыз» командасы, 2-орунду билим берүү бөлүмүнүн, 3-орунду балдар спорт мектебинин, 4-орунду Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөр кубок, эстелик медаль, диплом, спорттук форма жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле активдүүлүгүн көрсөткөн оюнчуларга «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты топ берүүчү», «Мыкты коргоочу» номинациялары берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×