Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.06.2019 11:50

Ысык-Көлдө 15 турак үйдү, эгин талааларын сел каптады

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Ысык-Көл районунда 15 турак үйдү сел каптады, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 3-июнь күнү саат 13:00 чамасында Эки-Чат тоосунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Тамчы айылындагы 15 турак үйдүн короолорун, 1 чакырым ички чарбалык унаа жолун жана 8 гектар эгин талааларын каптап кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 1 жүктөгүч, 1 трактор, ӨКМден жалпы 20 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, саат 16:00дө селдин кесепеттери толук жоюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×