Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 04.06.2019 09:40

Балыкчыда «Субарунун» айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп жаткан унааны сүздү

Turmush -  Балыкчы шаарында 3-июнда «Субару» жана «Мазда» унаалары катышкан жол кырсык катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Субару» унаасын 18 жаштагы кыз башкарып бара жаткан. Ал Ж.Абдрахманов жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн токтогон «Мазда» унаасын сүзгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, «Субару» унаасынын айдоочусу транспорт каражаттардын ортосундагы тийиштүү аралыкты сактаган эмес. Текшерүү учурунда ал айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүп, ошол учурда апасы жана иниси болуп базарга бара жатканын билдирген.

Жол кырсык болгон жерге ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери барып, текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×