Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баракелде, Бишкек 03.06.2019 16:16 Жаңыланды: 03.06.2019 17:48 На русском

«Мекендештер»: Кыргызстандык түрк И.Бадирова Абу-Дабидеги мейманканага менеджер болду

Turmush -  Нукура кыргыз тилинде сүйлөгөн түрк кызы Исмина бала кезиндеги кыялын орундатып, Абу-Дабидеги эң белгилүү мейманкалардын биринде эмгектенет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Мен Бишкек шаарында өсүп чоңойдум. Борбор калаадагы №54 мектепти аяктап, Туризм академиясынан мейманкана менеджери кесибин алып чыккам. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу эки эжем бар. Бала кезде дүйнө жүзүн кыдыргым келчү.

Чет өлкөгө болгон сапарым Туризм академиясына баргандан кийин башталды. 1-курста эле тайпалаштарым иштөө үчүн Түркия, Тайландга жана Дубайга барып келишкен. Ошондо менин дагы баргым келе баштаган. Бирок ал учурда 17 жашта болчумун. Ошентип 3-курсумда Түркияга барып келүүнү чечтим. Өзүм Кыргызстандын жараны болгонум менен улутум түрк. Албетте, бул саякатым апамдын кеңеши менен болду», - деди ал.

Исмина Бадирова бир нече жолу Түркияга барып, мейманканаларда менеджер болуп иштеген.

«Ошентип Түркиядагы беш жылдыздуу мейманканада эмгектенип баштадым. Конокторду тосуп алып, каттоодон өткөрүүгө жардам берип, мейманкана тууралуу айтып берчүмүн. Мен ал жакта жай мезгилинде эле иштедим. Экинчи жолу 2017-жылы Антальяга барып, 7 жылдыздуу мейманканада эмгектендим. Ошол эле жылы 5 жылдыздуу мейманканада иштедим. Бул мейманкана немис коноктор үчүн курулган болчу. Ошентип сезон убагында иштеп, кайра Кыргызстанга келдим. Ушул убакта мен окуу жайды аяктап калгам. 2018-жылы кайрадан Түркияга барып, 5 жылдыздуу мейманканада эмгектендим. Учурда эки жылга келишим түзүп, Бириккен Араб Эмираттарындагы Абу-Даби шаарында эмгектенип жатам. Бул жерде мейманканада конокторду тосуп алуучу менеджер болуп иштейм. Бул мейманкана дүйнөгө белгилүү», - деди ал.

24 жаштагы Исмина Бадирова 5 тилде эркин сүйлөйт.

«Мен үчүн Абу-Даби керемет шаар. Түптүз жолдор, кооз архитектуралык курулуштар жана башкалар бар. Эң негизгиси бул жакта боорукер, позитивдүү адамдар жашашат. Мен ушундай керемет жерде жашап, иштеп жатканыма аябай кубанычтамын. Алгачкы максатым ушул Абу-Дабини апама, бир туугандарыма көрсөткүм келет. Жергиликтүүлөрдүн даамдуу тамактары көп. Аялдар кара кийим кийгенди жактырса, эркектер кандора аттуу ак кийим менен жүрүшөт.

Өзүм 5 тилди билем. Алар: кыргыз, орус, түрк, немис, англис. Кыргыз кыздары менен бирге чоңойгондуктан кыргыз тилинде эркин сүйлөй алам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×